Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР президентинин м.а : Элибиздин салттуу диний баалуулуктарына өзгөчө көңүл буруу керек

Талант Мамытов динге ишенгендердин укугун так сактоого үндөдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-ноябрда, «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусун окуп берди.

«Урматтуу конференциянын катышуучулары жана коноктор!

Сиздерге төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан „Ислам азыркы светтик мамлекетте“ эл аралык конференциясына катышып жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күндө диний маселелер дүйнөлүк масштабда, анын ичинде биздин Борбордук Азия чөлкөмүндө да курч болуп жатканда, конфессиялар аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана диндер аралык диалогду күчөтүү жалпыбыздын милдетибиз болуп саналат.

Адамзаттын асыл баалуулуктарын, ыйманды сактоого, руханий байлыктарды жана диндер аралык ынтымакты арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — Кыргыз Республикасы үчүн абдан маанилүү.

Тарыхта белгилүү болгондой, Кыргыз жери байыркы замандан бери тогуз жолдун тоому болуп, түрдүү маданияттагы жана диндеги элдер байырлаган аймак болгон. Буга себеп ошол убактагы элдердин соода-экономикалык, диний жана маданий карым-катнашын өнүктүргөн Улуу жибек жолу дагы ушул аймактардан өткөн.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында натыйжалуу мамлекеттик конфессиялык мамилени аныктоо эң негизги маселелердин бири болгон. Ошону менен бирге көз карандысыздыктын шарттарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жетишкендиктери менен бирге айрым тобокелдиктер да болду.

Өлкөдө диний абалды туура жолго салуу жана анын негизги багытын аныктоо боюнча аракеттер болуп келди. Анын негизинде 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо менен бирге, анын негизги багыттарын аныктап берди. Натыйжада, бул стратегиялык маанилүү документтин алкагында диний абал туура багытка бурулуп, оң жолго түштү.

Бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргыз Республикасы — светтик өлкө. Бир дагы дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбайт. Дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденген. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилген. Ошондуктан Кыргызстан көп конфессиялуу өлкөгө айланды.

Көп конфессиялуу элибиз ынтымакта, биримдикте эгемен Кыргызстанды куруп жатат. Диний жааттагы уюмдардын натыйжалуу иштешине шарттарды түзүү мамлекеттин милдети деп эсептейм. Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен биргелешип экстремизмге каршы күрөшүүсү — мезгилдин талабы.

Эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн динге ишенген адамдардын укуктарын так аткарышыбыз керек. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бардык конфессиялардын өнүгүүсүнө толук эркиндик берилүүсү менен ишке ашат. Бирок ошол эле учурда элибиздин салттуу диний баалуулуктарына өзгөчө мамиле кылуу зарыл. Бул баалуулуктар диний маданияттын маңызы болгон сабырдуулукка, кайрымдуулукка, ынтымакка, адеп-ахлакка үндөп, коомубузда адам укугун жана дин тутуу эркиндигин калыптандырууга чакырат», - деп айтылат Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун кайрылуусунда.

Үстүбүздөгү жылы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык конференциянын иши Кыргызстандын, Россиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, диний уюмдарынын, дин, радикализм менен экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча академиялык жана эксперттик коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн-форматта өттү.

КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх