Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл аягына чейин Сооронбай Жээнбековдун пенсиясына 296 миң сом бөлүнөт

Каржы министрлиги экс-президент бир нече айда мамлекеттен канча акча ала тургандыгын айтты

Бир айдан ашык убакыттан бери кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусуна ээ. Белгилүү болгондой, бул статус ага бир катар артыкчылыктарды, анын ичинде мыйзамда каралган жакшы пенсияны берет.

Vesti.kg сайты Жээнбековдун пенсиясын төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен кандай конкреттүү сумма бөлүнүп жаткандыгын аныктоону чечти. Мамлекеттик органдардан жооп алуу үчүн бир аз убакыт кетти.

Социалдык фонд аларда мындай маалымат жок экендигин билдирип, Каржы министрлигине кайрылууну сунуштады.

Бир нече убакыттан кийин Каржы министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.

- Ушул жылдын аягына чейин Каржы министрлиги экс-президент Сооронбай Жээнбековго 296 миң сом өлчөмүндө пенсия бөлөт, - деп билдиришти ал жерден. - Биз акча гана бөлөбүз, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы анын өлчөмүн белгилейт. Кийинки жылы Жээнбеков кандай пенсия алат деп айта албайбыз.

Эскерте кетсек, 15-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Буга чейин Бишкекте элдик толкундоолор башталып, анын жыйынтыгы Ак үйдү, УКМКнын имаратын жана башкаларды басып алуу менен аяктаган.Көп миңдеген адамдар катышкан митингдин катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх