Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын СИЗОсунда тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Сотко чейинки иликтөө иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча башталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында Алмазбек Атамбаев менен анын адвокатынын купуя сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу экс-президенттин адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү - "Өзүнө же башка адамдарга жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Vesti.kg маалыматты тастыктап, иш ERPPде катталгандыгын кошумчалады.

Гулиза Чудубаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх