Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайырбек Сарпашев сатылып алынган жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып берүүнү чечти

Кеп 500 гектар жайыт жери, ошондой эле Токтогул районундагы 30 гектар сугат жери жөнүндө болуп жатат

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Т.Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди "

ЭКККМК (Каржы полициясы) мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз байытуу ишин тергеп жатат.

Тергөө учурунда Сарпашев өз ыктыяры менен мурда балансына алынган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан жана жакын туугандарынын атына катталган 30 гектар сугат жерин мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди.

Жакынкы жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Торкен / Токтогул районунун балансына кайтарып берет.

Каржы полициясы сотко чейинки процессти улантууда.

ЭКККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх