Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палата парламенттик шайлоонун мыйзамсыз жылдырылгандыгы боюнча арызды карай баштады (видео)

Активисттер нааразычылык акциясына чыгып, соттордон акыйкат чечим талап кылышты

Бүгүн, Жогорку соттун Конституциялык палатасы жарандык активисттер менен Реформа партиясынын парламенттин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартуу жана Жогорку Кеңешке шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча кайрылуусун карап жатат. Кайрылууда парламенттик шайлоо учурдагы Негизги Мыйзамга каршы келип, кийинкиге калтырылганы айтылган. Венеция комиссиясы ушундай эле ойго келип, Конституциялык палатанын мүчөлөрү ага кеңеш сурап кайрылышты. Бүгүн соттор парламенттин Жогорку Кеңешке шайлоону кийинкиге калтыруу чечими канчалык мыйзамдуу болгонун чечиши керек.

Ал арада Конституциялык палатанын имаратынын жанында нааразычылык акциясы өтүп жатат. 10го жакын активисттер чогулуп, алар соттордон акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты. Жолугушуу ачык болгонуна карабастан, пандемия учурунда залды толтуруу эрежелерин шылтоо кылып, баардыгы тең процессте киргизилген жок.

 


Вероника Малышева
Элдос Казыбеков
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх