Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Ош шаарында кинотеатрлар, ресторандар жана ашканалар ачылат

Шаардык башкы башкармалык ишкерлерге бардык санитардык нормалар сакталган шартта ишин улантууга уруксат берди

Эртең, 3-декабрда Ош шаарында кинотеатрлар, ресторандар жана ашканалар ачылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин айтымында, мындай чечим шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга байланыштуу.

Ишкерлерге бардык санитардык нормаларды сактоонун өбөлгөсү менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилди.

"Азыр коллегия өтүп, анда кинотеатрлардын, ресторандардын жана ашканалардын иши эртеңден баштап улантылат деген чечим кабыл алынды", - деп түшүндүрүштү Ош шаардык мэриясынан. - Санитардык-эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу бардык объектилерди баары бир ачуу пландаштырылган. Аларды ачуунун негизги шарты - бардык зарыл болгон стандарттарга милдеттүү түрдө шайкеш келүү. Толтуруу деңгээли 50 пайыздан ашпашы керек.

Эске салсак, 1-декабрда Бишкектеги кинотеатрлар узак убакыттан кийин өз ишин улантышкан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх