Шайлоо күрөөсүн президенттикке 14 талапкер гана койду
Азырынча эч ким кол тамгалар тизмесин тапшыра элек
Учурда президенттикке 14 талапкер шайлоо күрөөсүн төлөп бүттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКдан билдиришти.
Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, акчаны Аймен Касенов, Бабыржан Толбаев, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Рашид Тагаев, Элдар Абакиров, Жеңишбек Байгуттиев, Арстанбек Абдылдаев, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов кошкон.
Ошол эле учурда талапкерлердин эч кимиси кол тизмесин тапшыра элек.
Эскерте кетсек, бүгүн талапкерлер 30 миң кол менен кол топтоо баракчаларын тапшырып, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөөгө тийиш. Андан кийин БШК талапкерлердин чогулткан кол тамгаларын 14-декабрга чейин текшерет. Агитация өнөктүгү 15-декабрда башталат. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.
Вероника Малышева
Сүрөт www