Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө 19 тез жардам унаасы тапшырылды

Дүйнөлүк Банктын "COVID-19" долбоорунун алкагында сатылып алынган унаалар

Бүгүн, 2020-жылдын 3-декабрында республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна «Нива» үлгүсүндөгү 19 санитардык унааларын тапшыруу аземи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Нурболот Усенбаев, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев жана райондук санэпид көзөмөл борборлорунун жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Бул машиналар Дүйнөлүк Банктын «COVID-19» долбоорунун алкагында сатылып алынды.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясы башталгандан тартып саламаттык сактоо системасы чоң сыноолорду башынан өткөрүп келе жатат, ошолордун бири болуп техникалык-материалдык каражаттардын эскилиги жана тартыштыгы. Бүгүнкү тапшырылып жаткан санитардык унаалар медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, жер-жерлерде эпидемиологиялык иликтөөлөрдү ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем”,- деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Санитардык унаалар республиканын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында берилет. Бул унаалар республиканын алыскы аймактарынын жашоочуларына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет. Алар райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистеринин ишин жеңилдетет, жер-жерлердеги эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн, ПЧР диагностикасы үчүн үлгүлөрдү алуу үчүн, ошондой эле республиканын эң алыскы райондорунда жана айылдарында илдетти жуктурган адам менен байланышта болгон адамдарды аныктоо үчүн барышат.

Бөлүштүрүү планына ылайык, санитардык унаалар Ош шаарындагы жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Көл, Кара-Буура, Таш-Комур, Ак-Суу, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилмекчи.

КРнын САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх