Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин бардык депутаттары ноябрь айына эмгек акыларын алышты

Буга чейин парламентарийлер алты ай акысыз иштөө каалоосун билдиришкен

Жогорку Кеңештин депутаттары ноябрь айындагы эмгек акыларын толугу менен алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Октябрь айында айрым эл өкүлдөрү эмгек акыларын Ак үйдүн ремонтуна которушту", - деп түшүндүрдү ал. - Бирок ноябрда бардыгы айлыктарын алышты.

Эске салсак, октябрь айынын башындагы  баш аламандыктардан кийин айрым депутаттар кесиптештерине эмгек акыларынан баш тартып, алты ай бекер иштөөнү сунушташкан. Ал эми парламентарийлер үнөмдөлгөн акчаны Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүүгө жумшоону көздөштү. Бирок, баардык эле депутаттар бекер иштөөгө макул болушкан жок. Ошентип, Евгения Строкова айлыктан башка киреше булагы жок экендигин билдирди. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш жыйындар залы үчүн оргтехниканы сатып алууга 15,2 млн сом суммасында тендер жарыялаган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх