Толкунбек Исаков Өкмөткө караштуу Майыптар боюнча кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды
Кеңештин биринчи жыйыны 1-декабрда өттү
Өкмөттүн алдындагы Майыптар иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары болуп Майыптарга юридикалык жардам фондунун президенти Толкунбек Исаков шайланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Кеңеш ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоого байланыштуу маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо максатында ушул жылы түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Майыптар боюнча кеңештин биринчи отуруму 1-декабрда өткөн. Ага вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада катышуучулар БУУнун Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды күндүзү тейлөө борборлорун уюштуруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматты угушту.
Ошондой эле БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоо учурунда майыптардын абалы жөнүндө отчет сунушталды.
КР ЭСӨМ басма сөз кызматы
Сүрөт www