Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектардан ашык жерди кайтарып берди (сүрөт)

Каржы полициясы экс-вице-премьер-министрди 9-декабрда суракка алууну пландаштырууда

Мыйзамсыз байюу фактысы боюнча сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ТоркенТоктогул районунун балансына буга чейин өзүнүн жакын туугандары үчүн алган жана каттатып алган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул шаарында жайгашкан 30 гектар сугат жерин кайтарып берди. 

Ошентип, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) органдары Токтогул районунун Торкен а.ө кедей-кембагалдарына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жаткандыгын белгилегим келет.

Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Сарпашевдин калган мүлкүн сатып алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

 2020-жылдын 9-декабрында саат 16: 00дө Сарпашевге андан аркы тергөө амалдары үчүн Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнө келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.

 



ЭККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх