Өмүрбек Текебаев: Өлкө Баш мыйзамга ылайык эмес, каалагандай башкарылат
Депутат белгилегендей, буга чейин жарандар тарабынан парламентти мындай ачык сыйлабагандык болгон эмес
Өлкө Баш мыйзамга ылайык эмес, өз каалоосу менен башкарылаарын бардыгы билишет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
- Парламенттин спикери милдетин аткуучу, Президенттин м.а Талант Мамытов Москвага, ал жактагы кыргыздар барып, Мамлекеттик Думанын жанындагы пикетке чыгып, бизди сыйлабагандыктарын көрсөттү деп эскерди. - Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Биз буга өз ишибиз жана мамилебиз менен татыктуубуз. Ушул нерсеге олуттуу мамиле жасаңыз деп кеңеш берет элем. Референдум жөнүндө мыйзам долбоору өткөн жок. Жол-жоболор бузулган. Бул мыйзам долбоорун биз мажбурлап кабыл алган күндө дагы, аны четке кагууга толук негиз болот. Конституциянын 80-беренесине ылайык, мындай мыйзамды өкмөт колдойт. Же каражат таап, өкмөт бекиткенден кийин караш керек болчу. Мага азыр эч кимисиңиз мындай документти көрсөтө албайсыз. Жада калса, эч ким канча акча сарпталарын жана өкмөттүн макулдугу болгон-болбогонун сураган жок.
Парламентчи белгилегендей, кеп республиканын кандай болорунда эмес - президенттик же парламенттик.
"Кеп бизде" деп сөзүн улады Текебаев. - Биз, мындай маселени көтөрүп жатып, президенттин мыйзамда көрсөтүлгөн жана жазылбаган каалоосун аткарууга шашып жатабыз. Садыр Жапаров түрмөдө отурганда, мамлекеттүүлүккө болгон көз карашы жөнүндө кат жазган. Ал жерден: "Президент, керек болсо, айыл өкмөттөрүн дагы дайындашы керек", - деп жазган. Баарыбыз түшүнүп турабыз, бизди Баш мыйзам боюнча эмес, каалагандай алып баратышат. Айдоочулар, жансакчылар Жогорку Кеңешке көрсөтмө беришет. Кааласа айыл өкмөттү дайындайт, мектеп директорун дайындайт. Эгерде ал өзү дайындабаса, анда аны туугандары дайындашат. Мына ушундай системаны биз "эл каалайт" деген шылтоо менен ишке ашыралы деп жатабыз.
Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутатка министрлер кабинети референдумду өткөрүүгө каржылык колдоо көрсөтөөрүн айтты. Өкмөт мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www