Талант Мамытов мүлкүн жана кирешесин жашыруун декларациялоого жол берген мыйзамга кол койду
Ыктыярдуу декларация көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө алып келүүгө мүмкүндүк берет деп белгиленет
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантына кол койду.
Мыйзамдын негизги максаты мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин кол тийбестигине кепилдиктерди, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинде катышуучу адамдардын кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин жашыруундуулугун сактоо болуп саналат.
Ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келет. Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү — 2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгил эсептелет. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.
Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген: 1) декларациянын бланкынын наркын төлөө; 2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик алымдар; 3) эгерде ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда 70 000 000 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндөгү мүлктүн жана кирешелердин наркынын декларациялануучу жыйынды суммасы) декларанттын тандоосу боюнча сумманын ашышына карабастан:
— декларациялоо объектисинин наркынан 1% өлчөмүндөгү акча каражаттарын киргизүү же 7 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн декларанттын кирешесинин ар жылдык 5% декларациялоо объектинин наркынын 10% өлчөмүндө акча каражатын киргизүү.
Мындайча, декларант ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларация чегинен ашып кеткенде, б. а. 70 000 000 сомдон жогору болсо гана чыгымдарды төлөйт.
КР Президенттик аппараттын басма сөз кызматы
Фото www