УКМКнын 9-кызматынын экс-башчысы Дамир Мусакеевге козголгон иш кайра каралат
Жогорку Сот материалдарды биринчи инстанцияга жөнөтүүнү чечти
Жогорку Сот УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчисине карата ишти биринчи инстанцияга жөнөттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, иш 10 күндүн ичинде кароого жөнөтүлөт.
Эске салсак, ушул жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди күнөөлүү деп таап, кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү үчүн ага коюлган бардык айыптар боюнча 700 эсептик көрсөткүч (70 миң сом) айып пул менен 5 жылга эркинен ажыраткан.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз