Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: Транспорттук тарифтер көптөн бери көтөрүлүшү керек болчу

Депутат эл көп төлөөгө каршы эмес деп эсептейт

Коомдук транспорттун тарифтери эчак эле жогорулап өзгөрүлүшү керек болчу. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына берген маегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов билдирди.

- Биринчиден, мэрия гана сунуш кылды, шаардык кеңешке алардын эсептөөлөрү жана сунуштары жазылган расмий кагаз келген жок, - деп баса белгиледи ал. - Шаардык кеңеш транспорттун тарифин кабыл алат, бирок биз комиссияларда деле караган жокпуз. Муниципалдык транспорттун тарифтери көптөн бери көтөрүлүшү керек болчу, анткени учурдагы тариф 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Андан бери ал көбөйгөн жок.

Бирок, парламентарий транспорттун баасынын көтөрүлүшү негизги көйгөйлөрдү чечпейт деп ишенет.

- Чындыгында, бүгүнкү күндө жок дегенде чыгымды кайтарып алуу үчүн тарифти көтөрүү керек, - деп белгиледи ал. - Бирок жалпысынан бул маселени комплекстүү чечиш керек. Коомдук транспорттун кыймыл аралыгын сактап турушу үчүн, тыгын менен көйгөйдү чечишибиз керек. Тарифтин жогорулашынын же төмөндөшүнүн натыйжалуулугу ушуга байланыштуу болот.

Эрнис Шарапидиновичтин айтымында, эгерде аны коштогон факторлор дал келсе, баа маселеси жарандардын маанайына чоң таасирин тийгизбейт.

- Эгерде биз жарандардын жол кирени накталай эмес төлөөгө өтүшү жөнүндө айта турган болсок, анда адамдар өзүлөрүнө пайдалуу менен пайдасыз нерсени салыштырып көрүшөт, - деп түшүндүрөт ал. - Азыр адамдар дароо эле карталарга өтө алышпайт, анткени транспорт 10-15 мүнөттүн аралыгында иштебейт. Адам күтүп отуруп, альтернативдүү транспортту колдонууга аргасыз болот. Эгерде интервал берилсе, адамдар бул карталарды өздөрү сатып алышат. Бул жол киреден көз каранды эмес. Картаны сатып алгандан кийин, адам коомдук транспортко байланып калат, ал аны күтөт. Демек, Тулпар картасын кармабагандар үчүн тарифтин жогорулашы эч кандай реалдуу натыйжа бербейт.

Мэриянын алдында коомдук унаалардагы төлөмдөрдү "Тулпар" электрондук карталарын колдонбогондор үчүн 8 сомдон 12 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылгандыгын түшүндүрүп берели. Бул жаңылык кыргызстандыктарды санариптик төлөм ыкмаларына өтүүгө түрткү болот имиш.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх