ЖК аянтта 14 сааттан ашык "Манас" айткан манасчыга мамлекеттик сыйлык тапшырууну сунуш кылды
Депутат Ормонов Кыргызстан "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамдын жоболорун аткарбай жатканына нааразы
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мамлекеттик сыйлыкка Дөөлөт Садыковду көрсөтүүнү сунуштады. Парламентарийдин айтымында, манасчы бул сыйга татыктуу, анткени ал 14 саат бою "Манас" эпосун айткан. Ошол эле учурда ал “Манас” эпосу жөнүндө ”мыйзамдын ченемдери Кыргызстанда аткарылбай жаткандыгына кейиди.
Эске сала кетсек Vesti.kg сайты Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында "Манас" эпосун 14 сааттан ашык айткандыгын айткан. Ошентип, ал Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө ниеттенүүдө.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз