Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Инвесторлор өз капиталын Кыргызстандан чыгарып кетип жатышат

Чет өлкөлүк өнөктөштөр бизнес жүргүзүүнүн коопсуздугуна ишенишпейт

2020-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин түз чет элдик инвестициялардын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% кыскарган. Тикелей чет өлкөлүк инвестициялар  жалпы суммасы 398,4 млн долларды түзгөн.Сандар Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматынан алынган.

Акыркы тогуз айда инвестициялар биринчи кезекте өндүрүш, геологиялык чалгындоо, каржы жана байланыш тармактарына байкалган. Бирок, бул тармактарга инвестициялардын көлөмү, атап айтканда, байланыш тармагына 21,3% га кыскарган.

Учурдагы коомдук-саясий, экономикалык жана эпидемиологиялык кырдаал инвестициялык маанайга таасир этет. Анын үстүнө инвесторлор мамлекеттен кепилдиктер берилээрине ишенишпейт.

ТЧИнин түзүмүнө карата, башка кредитордук карыздардан тышкары, бардык компоненттердин кыскаруусу байкалган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх