Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат

Жакында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы БШК депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында борбордогу мектептер менен бала бакчаларды оңдоо үчүн сынактык тендер өткөрөт.

9 билим берүү уюмдарын тартипке келтирүү пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептерде жана №72, №185 бала бакчаларда терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчада чатыры оңдолуп, №26 бала бакчада жыгач полу жаңыланат.

Жарандык демилгелер боюнча пландалган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.

Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх