Сыймык Жапыкеев ак ниет ишкерлер финполдо маалымат берүүчү катары иш алып барышаарын айтты
ЭКККМКнын төрагасы бизнес-акыйкатчы менен жолугушту
ЭКККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту.
Жапыкеев иш сапар үчүн Бизнес Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Финансылык полициянын приоритеттүү багыты болуп мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, ак ниет ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо жана бизнес жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөгө инвестициялардын агымы кирээрин белгиледи.
Абийирдүү (таза) ишкерлер мамлекеттик органдардын мыйзамдуу ишкердик ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде ЭКККМКдин негизги союздаштары болуп саналат. Алар акыйкатсыз атаандаштыкты, салык төлөөдөн баш тарткандарды, ак ниет эмес мамлекеттик кызматкерлерди жана, албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөтүп, маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат.
Өз кезегинде Робин Орд-Смит ЭКККМКтин жетекчилигине бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Каржы полициясы ишкердик субъектилеринин жакын өнөктөшү, инспекторлордун ээнбаштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын талкуулашты жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мындан аркы тыгыз кызматташтык жөнүндө макулдашышты.
ЭКККМКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www