­
Бакир Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин УКМКнын абагында отурган - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакир Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин УКМКнын абагында отурган

 "Каржы полициясынын" экс-башчысына тиешелүү чараны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту  тандаган

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) төрагасы Бакир Таиров УКМКнын СИЗОсунда 2021-жылдын 2-февралына чейин камалды. Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын АКсы Таиров тарабынан мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен мыйзамсыз ири өлчөмдө акча каражатын алуу фактысын аныктагандыгы маалымдалган.

"Финполдун" экс-башчысы 10-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх