Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматованын күйөөсүнүн ишин кароо 25-декабрга жылдырылды

Эскерте кетсек Сыргак Кенжебаев эки кылмыш иши боюнча каралат

Экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин ишин кароо 25-декабрь саат 14.00гө жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Эскерте кетсек, Сыргак Кенжебаев 2019-жылы 19-декабрда Алматы аэропортунан кармалган. Эртеси УКМК ал киши кармалып, департаменттин изоляторуна жеткирилгенин билдирген. Белгиленгендей, Кенжебаев алдамчылык боюнча эки кылмыш иши каралат. Кытайлык ишкер Мотайлифу Маймайтяминга Сыргак Кенжебаевге каршы арыз менен УКМКга кайрылганын билдирди.

2020-жылдын январь айында УКМК Кенжебаевдин иши Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин жарыялаган.

Ширин Айтматова 12-октябрда Твиттердеги баракчасына күйөөсү соттун чечими менен колонияга кайтарылганын жазган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх