Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев өзбек тарапты тез арада чек араны делимитациялоону аягына чыгарууга чакырды

Бишкекте КРнын жана ӨРнын Өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу өтүп жатат

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси (Премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.
Камчыбек Ташиев Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрүн амандашып жатып, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», - деди ал.

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх