Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талант Мамытов Казакстандын Президентин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти коңшу республика мамлекеттик курулушта, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын чыңдоодо чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх