УКМК кыргызстандыктардан аймактар аралык араздашууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучулары жөнүндө жашыруун маалымат берүүнү суранат
Коопсуздук кызматкерлери чагымчыл материалдар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган деп эсептейт
Ар кандай социалдык тармактарда аймактар аралык жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдардын таркатылышына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.
Бул чагымчыл материалдар өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуу максатында таратылууда.
Буга байланыштуу УКМК аталган материалдарды түзүүгө жана жайылтууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аймактар аралык кастыкты козутуу максатында ушундай мүнөздөгү чагымчыл жана башка материалдарды жайылтуу учурдагы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
Эгерде сиз күбө болуп калсаңыз же провокациялык билдирүүлөрдү таратуучулар жөнүндө маалыматыңыз болсо, анда (0312) 66-04-75 номери аркылуу же (0312) 66-00-20 ишеним телефонуна чалсаңыз болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www