Депутаттар Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүнү көздөшүүдө. Кол топтоп башташты
Парламентарий өзү кесиптештеринин мындай жоругуна эмне себеп болгонун билбейт
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүү үчүн кол топтошту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламент депутаты Дастан Бекешев билдирди.
- Жакынкы күндөрү бул маселе фракцияда каралат, - деп белгиледи ал.
Кол топтоонун демилгечиси ким деген суроого Бекешев жооп берген жок.
"Ким баштаганын билем, бирок айта албайм" деди депутат.
Ал арада Аида Касымалиева өзү Vesti.kg сайтына болуп жаткан окуялар жөнүндө социалдык тармактардан билгендигин айтты.
"Мен азыр Ошто иш сапары менен жүрөм" деп тактады ал. - Кол топтолуп жаткандыгын билем, бирок эч ким кол койгусу келбейт. Жалпысынан бул маселени кол топтоо менен чечүү мүмкүн эмес. Убактылуу процедура бар.
Касымалиева кесиптештери аны эмне үчүн вице-спикерликтен кетиргиси келип жаткандыгын билбей тургандыгын кошумчалады.
"Менде эч кандай түшүнүк жок" деди ал.
Вероника Малышева
Сүрөт www