Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик чек ара кызматы азырынча УКМКга өткөрүлүп бериле элек

Учурда документтерди макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатат

Мамлекеттик чек ара кызматы азырынча УКМКга өткөрүлүп бериле элек. Бул тууралуу Vesti.kgге ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жумуш жүрүп жатат, бирок айрым документтерди макулдашуу керек" деди Мамлекеттик чек ара кызматы.-Биринчиден, биздин бөлүмдү Куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгаруу керек. Айрым документтерге кол коюлган.

Эске салсак, Vesti.kg мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, товарларды жана жүктөрдү, баңги заттарды жана курал-жарактарды Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу мамлекеттерден мыйзамсыз ташып келүүгө каршы күрөшүү, мамлекеттин функцияларын оптималдаштыруу алкагында аткаруу бийлигинин органдары Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүлүп берилген.

Тийиштүү жарлыкка 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх