Адахан Мадумаровдун түз эфирдеги арыздары ИИМди тергөө ишин баштоого аргасыз кылды
Президенттикке талапкер Ысык-Көлдөгү үгүт иштерине тоскоолдук жаратып жаткандыгын жарыялады
17-декабрдын алдында КТРКнын эфиринде президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусундагы үгүт иштерине тоскоол болуп, анын тарапкерлерине карата коркутуулар болуп жаткандыгын жарыялады.
Буга чейин штабдан же Адахан Мадумаровдун тарапкерлеринен үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде коомдук тартипти камсыз кылуу өтүнүчү менен Ысык-Көл облусунда үгүт иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө эч кандай билдирүү болгон эмес, ошондой эле анын Ысык-Көлдөгү штабынын мүчөлөрү тарабынан эч кандай билдирүү болгон эмес, ал эми өзү аймакка белгисиз адамдардан коркутуулар келип жатат дейт.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 149-беренесинин 1-пунктунун (Сотко чейинки процессти баштоо) негизинде, президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун КТРКнын эфирдеги билдирүүсү Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосунан өтүп, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www