Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөхан Жунусбеков: Түшкү тыныгуудан кийин мен БШКнын менин үстүмөн жазган арызы боюнча билдирүү жасайм

БШК "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчисин мамлекеттик кызматкер катары Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүүдө деп  депшектенүүдө

"Мегаком" компаниясынын башкы директорунун жаңы кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков БШКнын өзүнө каршы жазган арызы боюнча бүгүн билдирүү жасоону көздөп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

"Түшкү тамактан кийин мен БШКнын мага карата жазган арызы боюнча сөзсүз түрдө расмий билдирүү жасайм", - деди Турусбеков.

Ошол эле учурда, Мегаком компаниясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна кийинчерээк комментарий берүүнү убада кылды.

Тагыраак айтканда, 24.kg сайты БШКнын Тез чара көрүү боюнча координациялык тобу Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине Мегакомдун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровду колдоп, Фейсбуктагы баракчасына үгүт материалдарын жарыялап жаткандыгын билдирип, арыз жөнөткөнүн кабарлаган.

Мамлекеттик кызматкер катары Жунусбековдун үгүт иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

Эске салсак, Торохан Жунусбеков Мегакомдун башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Көпчүлүк социалдык тармактардын колдонуучулары бул кадрдык чечимге эки ача пикирлерин билдиришти.

Жунусбеков өзү Vesti.kg менен болгон маегинде бийликти каалаган олигархтар кара пиардын артында ага каршы турушат деп билдирди.

Буга чейин Жунусбеков Нариман Түлеевди милдетин аткаруучу кызматынан кетирүүгө аракет кылып, Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигин койгон. Мындан тышкары, айрым ЖМКлар Жунусбековдун КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бир топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык” беренеси боюнча соттуулугу бар экендигин көрсөтүшүүдө. Бирок, ал кун төлөнгөнбү же жокпу белгисиз.

Мындан тышкары, ал "Мекенчил" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, ошондой эле Садыр Жапаровду колдоо максатында октябрь айындагы митингдерге активдүү катышкан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх