"Каржы полициясы" Кыргызстанга мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүү аракетин токтотту
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен тапшыра алган жок
Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы ЭКККИК(Финансылык полиция) Чалдыбар-Автодорожный көзөмөл өткөрүү пунктунун Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, товарлардын акциздик тобундагы мыйзамсыз трафикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келүү аракетин токтотту.
Ошентип, 2020-жылы 11-декабрда Чалдыбар-Автодорожол көзөмөл-өткөрүү бекетинен күйүүчү-майлоочу майдын жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынып, бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк зат ташып бара жаткан Volvo маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалган. Сүйлөшүү учурунда аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен тапшыра алган жок, буга байланыштуу товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу процедурасын жүргүзүштү. Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
ЭКККМКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www