Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты: Ишти жапканы үчүн менин кардарымдан 160 миң доллар талап кылышкан

Депутаттын жактоочусу пара талап кылган адам кармалганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге козголгон кылмыш ишин жапкандыгы үчүн 160 миң доллар талап кылынды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бактыбек Жумашев тастыктады.

Адвокаттын айтымында, бир күн мурун Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери аталган сумманын бир бөлүгү менен пара талап кылган адамды кармашкан. Бирок Жумашев кармалган жарандын мамлекеттик кызматта иштейби же жокпу так айткан жок.

"Менин кардарымдан 160 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылынган", - деп түшүндүрдү Жумашев. - Кечээ опузалап жүргөн адам пара менен кармалды, анын суммасынын бир бөлүгү бар болчу. Тилекке каршы, калган маалыматтарды айта албайм. Тергөөнүн сыры ушул.

Буга чейин Kaktus-медиа басылмасы күч структураларындагы булактарына таянып, опузалап пара алган адам кармалгандыгы тууралуу жазган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх