Талас облусунда бир үй-бүлөгө эки жолу жер тилкеси бекер берилген
Прокуратура сот чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылып, процессти жеңип алган
Талас облустук прокуратурасы тарабынан бир үй-бүлөгө эки жолу жер үлүшү берилгендиги аныкталды.
1995-жылы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жарлыгы менен аталган райондун тургуну Э.О. жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 2,1 гектар аянттагы жер үлүшү бекер берилген.
Бирок 1997-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жарлыгы менен ошол эле жаранга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө мыйзамды бузуу менен 1,8 гектар аянттагы жер үлүшү кайрадан берилген.
Өз кезегинде, прокуратура экинчи жолу мыйзамсыз берилген жер тилкеси боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылып, соттук экспертизанын жыйынтыгында берилген талап толугу менен канааттандырылган.
Андан ары, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу прокуратура тарабынан Долоно айыл өкмөтүндө көрсөтмө берилген, кароонун жыйынтыгы боюнча жогорудагы 1,8 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке алынган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www