Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адахан Мадумаровдун пайдасына балдарды үгүттөөгө тыюу салынган интернетте пайда болду (сүрөт)

БШК видеотасманын чыгышына талапкердин штабынын тиешеси бар-жогун аныктайт

Социалдык тармактарда балдар президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго үгүттөгөн видео пайда болду. Буга мыйзам тарабынан тыюу салынган.


БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаева Vesti.kg сайтына билдиргендей, мыйзам бузуу үчүн бирөөнү жоопко тартуу үчүн, комиссия видео ким тарабынан тартылгандыгын аныкташ керек.

- Талапкердин ыйгарым укуктуу адамынан алардын видео менен байланышы бар-жогун сурайбыз, деп түшүндүрдү ал. - Негизинен талапкерди билбей туруп үгүт жүргүзүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынат.

Видеону даярдаган жана тараткан адамга айып пул салуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуубуз. Жеке адамга 7,5 миң сом айып пул салынат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх