ЖК комитети экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды
Чуулгандуу документ добуш берүүгө жөнөтүлдү
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бирден кабыл алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу депутат, аталган документтин демилгечиси Гүлшат Асылбаева парламент жыйынында билдирди.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, бир катар депутаттар документти аягына чейин чыгарууну жакташат.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз