Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттикке талапкерлер бизнес коомчулугу менен биргелешкен декларацияга кол коюшту (сүрөт)

Келбеген саясатчылар өз өкүлдөрүн жиберишти

25 ири ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү президенттикке талапкерлер менен жолугушуп, экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты жана биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Жыйынга президенттикке 12 талапкер катышууда. Тактап айтканда, иш-чарага Канатбек Исаев, Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Равшан Джээнбеков, Улугбек Кочкоров, Арстанбек Мыктыбек жана башкалар катышып, Курсан Асанов жана Садыр Жапаров катышпагандардын катарында болуп, өз өкүлдөрүн жиберишти.

Ошентип, талапкерлер базар экономикасын өнүктүрүү жана инвестицияларды коргоонун эң маанилүү бизнес билдирүүлөрүн аткарууга берилгендигин тастыкташты.

 

 

Декларацияда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин негизги бизнес-күтүүлөрү баяндалат:

- инвестицияларды, жеке менчикти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын учурдагы Конституциясы кепилдеген башка укуктар менен эркиндиктерди коргоо.
- базар экономикасынын принциптерин сактоо, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салууну кыскартуу, экономикалык иш-аракеттерге өкмөттүн минималдуу катышуусун камсыз кылуу, жеке секторду өнүктүрүү.
- инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө жардам берүү.
- натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүү, эл аралык аренада Кыргызстандын жагымдуу имиджин түзүү жана сактоо, эл аралык сооданы илгерилетүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жогорулатуу.
- Соттордун Кыргыз Республикасынын Президенти институтунан жана башка бийлик бутактарынан максималдуу көз карандысыздыгын камсыз кылууну камтыган кеңири масштабдагы сот реформасын жүргүзүү.
- Коопсуздук органдарынын, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишкердик субъектилерине карата кийлигишүүсүн жана мыйзамсыз аракеттерин жоюу.
- Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн тажрыйбасынын негизинде туруктуулукту, каржы тутумун жана акча-кредит саясатын өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
- Кыргызстандын мамлекеттик органдарындагы, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү жетекчи кызматтарга кесипкөй жана ак ниет кадрларды тартуу.
- 2023-жылга чейин Кыргызстанды экономикалык эркиндиктин, глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүктүн, коомдогу коррупцияны кабылдоонун, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун жана башка эл аралык авторитеттүү көрсөткүчтөрдүн эл аралык рейтингинде дүйнөдөгү биринчи 40 өлкөнүн катарына кошулууга багытталган түзүмдүк реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүү.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх