­
Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы окуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы окуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды

18 окуучу диплом жана белектер менен сыйланды

Бүгүн Россиянын илим жана маданият борборунун актовый залында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган окурмандардын сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

 

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Нефедов, шаардык мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева, сынактын катышуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

 

Сынактын 18 жеңүүчүсү дипломдор жана белектер менен сыйланды:

1 орун:

- Муратбаева Арууке, 11-класс, ШГ № 62;

- Рзаев Ильхам, 10-класс, автордук №61;

- Кудрин Максим, 10-класс, ШГ №29;

- Ву Ян, 8-класс, автордук № 6;

- Адылова Алтынай, 11-класс, Улуу Британия №69;

- Маданбеков Чолпон, 11-класс, ШЛ №76

2-орун:

- Ошуркина Даяна, 10-класс, ШГ №20;

- Омурзакова Саида, 9-класс, ШГ №72;

- Дженибеков Никита, 9-класс, №29 мектеп;

- Мокенов Элмырза, 7-класс, ШГ №6;

- Абдылдабек кызы Бермет, 10-класс, №89 мектеп.

3-орун:

- Хасанова Эвелина, 10-класс, №26 мектеп;

- Кыдыкбеков Ажар, Октябрь райондук балдардын чыгармачылык борбору;

- Салимбаева Мария, 11-класс, №13 мектеп;

- Демина Елизавета, 7-класс, №27 орто мектеп;

- Шамилбек кызы Элеонора, 9-класс, ШГ №24;

- Мусаева Диляра, 9-класс, №53 мектеп.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцовдун аткаруусундагы "Катюша" жана "Жеңиш күнү" ырлары бул иш-чаранын көркү болуп калды.

Эске салсак, 2020-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасындагы Орусия менен кызматташтык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган окуу боюнча сынактын тандоо туру болуп өттү.

 

Сынак Россия-Кыргызстан кайчылаш жылынын алкагында өткөрүлүп, ордо калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмү Россиянын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте бир катар билим берүү иш-чараларын өткөрүштү.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх