Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева Матраимовдун батирлерин УКМКга өткөрүп берүү боюнча токтомго кол коюудан баш тартууда

Вице-премьер-министр Камчыбек Ташиевдин чечимин мыйзамдын талаптарын эске салып, жактырган жок

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдон УКМКнын кызматкерлерине конфискацияланган батирлерди менчиктештирүү боюнча буйрукка кол коюуну көздөбөйт. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы сакталган - ред.)

«Матраимовдордун конфискацияланган батирлеринде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечими менен гана а) батирди өзүнүн балансына кабыл ала алат. б) республикалык бюджетке каражат жөнөтүп, аукцион аркылуу сатууга. Башка мыйзамдуу варианттар жок. Мен болсо,ВПМ катары, башка жарлыкка кол коё албайм », - деп жазган Сурабалдиева.

 Белгилей кетчү нерсе, бир нече саат мурун вице-премьер-министр: "Кыязы менин чыдамым жакын арада түгөнөт" деген олуттуу твит калтырган.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев пресс-конференция учурунда МТКтин башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген зыяндын ордун толтуруп, 2 миллиард сом - 1,4 миллиард сом акча түрүндө, ал эми калган сумма 9 батир түрүндө кайтарып бергенин айткан. Мындан тышкары, ал соода борборун мамлекетке өткөрүп берген.

Ташиевдин айтымында, 8 батир УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилсе, бирөө мамлекеттин карамагында калат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх