Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспеков: Жапаровдун штабы бизге каршы арыз жазганынан кабарыбыз жок
Президенттикке талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү "Мегакомдун" башчысынын кеңешчиси жана жарандык активист штаб менен макулдашпай туруп үгүт жүргүзүп жатат деп билдирди
Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мочин Ички иштер министрлигине жана БШКга Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековго чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
Анын айтымында, жогоруда аталган адамдар Жапаровдун штабынын мүчөлөрү эмес, бирок талапкердин сүрөттөрүн колдонуп үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.
"Кечээ биз Борбордук шайлоо комиссиясына жана Ички иштер министрлигине Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековго каршы арыз жаздык", - деп түшүндүрдү Мочин. - Аспеков Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектейт деген сөздөр жалган. Штабдан расмий тастыктама жок. Бул эки адам биздин талапкердин сүрөттөрүн колдонуп, кандайдыр бир аракеттерди көрүп, мыйзамды бузуп жатышат. Алар биздин негизги жумуштан тышкары өз алдынча жасашат.
Ал арада Мелис Аспеков өзү Vesti.kg менен болгон маегинде Жапаровдун өкүлүнүн мындай билдирүүсү жөнүндө биринчи жолу угуп, Мосчин менен тааныш эмес экендигин белгиледи. Бирок активист журналист менен маектешүүнү андан Чүй облусундагы Жапаровдун штабын жетектейсизби деген суроодон кийин үзгүлтүккө учураткан.
Өз кезегинде Төрөхан Жунусбеков дагы Vesti.kg сайтына эч кандай билдирүү жөнүндө билбестигин айтты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www