Талант Мамытов экономикалык мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коё элек
Документ президенттин кеңсесине келип түшкөн
Мамлекет башчысы Талант Мамытов Экономикалык мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол кое элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
"Мыйзам буга чейин президенттик аппаратка кирген, бирок мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу ага кол кое элек", - деди ал.
Эскерте кетсек Vesti.kg сайтына Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам парламент тарабынан 23-декабрда кабыл алынгандыгы айтылган.
Мурда Президент м.а жана премьер-министр Садыр Жапаров коррупционерлер мамлекетке келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен төлөп берсе, аларды жоопко тартпоону сунуш кылды. Олжону кайтарып берүү үчүн чиновниктерге бир ай убакыт берилди. Кийинчерээк Башкы прокуратура 4 адам уурдалган акчаны казынага кайтарып бергендигин билдирген.
Парламентчилер өз кезегинде, иштеп жаткан мыйзам долбооруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү чечишти жана адам кандай учурларда экономикалык кылмыштары үчүн жазадан кутула тургандыгын так аныктап алышты.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров болушкан.
Вероника Малышева
Сүрөт www