Бардыгы чынчылдык менен өттү. Садыр Жапаровдун жээнинин жеңиши жөнүндө "Мисс Кыргызстан-2020" сынагынын уюштуруучусу
Рыскүл Намазбекова кастинг Кыргызстанда бийлик алмашканга чейин эле болгонун белгиледи
"Мисс Кыргызстан-2020" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева чындыгында эле президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жээни. Бул тууралуу Vesti.kgге сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Анын айтымында, сынакка катышуу үчүн кастинг Кыргызстанда бийлик алмашканга чейин эле болгон.
"Сынакта жеңип чыккан Лазат Нуркожоева чындыгында Жапаровдун жээни", - деди Намазбекова. - Бирок менин сынагыма кастинг саясий баш аламандыкка чейин - 4-сентябрдан 20-сентябрга чейин өткөндүгүн белгилегим келет. Ал дагы бир сынакка катышып, 2016-жылдан бери мени менен иштешип келет. Сентябрь айында ал мага келип, катышууну каалагандыгын билдирди. Лазат чындыгында эле бул жеңишке татыктуу жана бардыгы чынчылдык менен өттү.
Намазбекова " сынчыларга" негизсиз айыптоолордон алыс болууга кеңеш берди жана Жапаров жеңүүчүнү аныктоонун жол-жобосуна эч кандай таасир эткен жок деп ишендирди.
Байге катары Нуркожоева BMW X5 автоунаасын алды.
Айрым маалыматтарга караганда, кыз КММАда окуп жатат. 2018-жылы Кыргыз-Түрк лицейин аяктаган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www