Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда өкмөткө кат жазган балдарга планшеттер белекке берилди

Министрлер кабинети балдарга кайрылып, Жаңы-жылда оң өзгөрүүлөрдү, өлкөнүн мындан аркы прогрессивдүү өнүгүүсүн каалады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Бактыбек Аманбаев балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан  планшеттер түрүндө белектерди тапшырды. 

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үйүнө министрлер кабинетинин дарегине мурда кат жазган балдар чакырылган.

«Кымбаттуу балдар! Силерди келе жаткан Жаңы 2021-жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жылыбыз өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагымдуу өзгөрүүлөргө бай болсун. Силердин окууңарга ийгиликтерди каалайм, дениңер сак болушун, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин. Силер – биздин келечегибизсиңер. Алдыңкы билим-илим алууга умтулуп, замандын талабына төп келген жаштардан болуп өскүлө», - деди Бактыбек Аманбаев.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх