Мелис Мырзакматов Кыргызстандыктарды Жаңы-жылы менен куттуктады
Ош шаарынын экс-мэри жарандарга чыдамдуулук, акыйкаттык жана эмгекчилдик каалады
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Ал куттуктоосун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.
«Бир нече сааттан кийин биз бүткүл адамзатты толкундаткан кубаныч менен кайгыга, окуяларга толгон Чычкан жылы менен коштошобуз жана уй жылын жаңы максаттар жана үмүттөр менен тособуз. Баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
2020-жыл адамзат тарыхынын барактарында терең из калтырды. Өлкөбүзгө келсек, бул жыл элибиз үчүн оор болду. Ал биздин коомдогу өнөкөт ооруга айланган көптөгөн терс көрүнүштөрдүн эшигин ачып, аларды жоюу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүүгө түрттү.
Урматтуу мекендештер! 2021-жыл ар бирибиздин жашообузга үмүт, тилек, жаңылануу жана акыйкаттык үчүн күрөшүү жылы катары кирет. Уй жылы ар бир жаран чынчыл, чыдамдуу, адилеттүү жана эмгекчил болушу керек.
Урматтуу кыргызстандыктар! Өлкөбүз үчүн өгүз жылы саясий туруктуулукту камсыз кылуунун, адилеттүү өкмөттү орнотуунун, экономикалык өнүгүүнүн, республикабыздын эл аралык кадыр-баркын калыбына келтирүүнүн, эгемендүүлүгүбүздүн негиздерин бекемдөөнүн жылы болсун! Ар бир жаранга коопсуздук, чыдамдуулук, туруктуулук, талыкпас эмгек, чыныгы патриоттуулук жана жаркын келечекке карай кыймыл каалайм! Биздин келечегибиз биздин колубузда, урматтуу элим!
Дагы бир жолу, Жаңы жылыңыздар менен! Ден-соолукта болгула! " - деп жазган Мырзакматов.
Сүрөт www