Алмазбек Атамбаев кайрадан №47 колонияга которулду
Мурунку президенттин ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар
Экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан УКМКнын СИЗОсунан №47 колонияга которулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
- Алмазбек Шаршенович Жаңы жылга чейин которулган, - деп тактады ал. - Анын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар. Ал жакта толук дарыланбаса дагы, колонияда жакшы.
Адвокат кошумчалагандай, бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы мамлекет башчынын УКМКнын абагына которулушуна байланыштуу жактоочу тараптын арызы боюнча чечим чыгарды.
- Биз райондук соттун бул чечимине даттандык, бирок шаардык сот чечимди күчүндө калтырды, - деди ал. - Бирок азырынча Атамбаев колонияда калат.
Вероника Малышева
Сүрөт www