Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Референдумда президенттик башкаруу формасына добуш берем

ЖК депутаты парламентаризм чакан Кыргызстанда тамыр жайбайт деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Vesti.kg сайтына билдиргендей, ал алдыдагы референдумда президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берет.

Анын айтымында, Кыргызстан парламентаризмге даяр эмес.

"Референдумда мен президенттик башкаруунун формасы үчүн добуш берем" деди Матраимов. - Биз парламенттик форма менен 10 жылдай жашадык, бирок бул анчалык деле натыйжа берген жок. Парламентаризм мындай чакан мамлекетте тамыр албайт. Бир адамга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Эске салсак, башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум кезексиз президенттик шайлоо менен бир мезгилде - 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх