Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева: Дистанттык окутууга мугалимдер дагы, ата-энелер дагы, окуучулар дагы даяр эмес болчу

Вице-премьер-министр Чүй облусунун мектеп мугалимдери менен жолугушту

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билим берүү кызматкерлери менен жолугушту.

“Билим берүү кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгеги бардыгы тарабынан бааланган. Дистанттык окутууга мугалимдер дагы, ата-энелер дагы, окуучулар дагы даяр болгон жок. Бирок, пандемиянын шарттары өз алдынча түзөтүүлөрдү киргизди. Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына сабак өтүүдө эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайра карап чыгуу, заманбап жана керектүү методдорду жана программаларды бүгүнкү күндөн баштап колдонуу маанилүү. Системаны өзгөртүүгө мезгил келди ”, - деп Сурабалдиева мындай жолугушууларды мугалимдер менен өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, анда билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелердин ачык талкуусу өткөрүлүшү мүмкүн.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда актуалдуу маселелер топтому талкууланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх