Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Futureleaderskg

Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу өкмөткө билдирсе болот

Министрлер кабинетинде  ишеним телефондор иштей баштады

Шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар жөнүндө өкмөткө билдирсе болот, бул үчүн ишеним телефону ачылган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов брифингде билдирди.

Бүгүн, республикалык штабдын колл-борбору кезексиз президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү ишин баштады.

"Күндүз каалаган шайлоочу биздин колл-борбордун жана штабдын ишеним телефонуна чалып, электр энергиясынын жоктугу, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар маска режимин сактабагандыгы, белгиленген санитардык стандарттар же башка сын-пикирлер, кемчиликтер же мыйзам бузуулар жөнүндө билдирсе болот", - деди Максат. Мамытканов.

Ишеним телефондору: 0 (312) 66-28-58, 0 (312) 66-28-51, 0 (312) 96-14-54, 0 (312) 96-03-11. Чалуулар акысыз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх