Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы президенттик шайлоону дүйнөнүн 11 өлкөсүнүн журналисттери чагылдырып жатышат

БШКда 300дөн ашуун ММК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн

2021-жылдын 10-январына белгиленген кезексиз президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 92 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитацияланган.

30-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкү мамлекеттердин өкүлдөрүн аккредитациялады: Россия - 33, Япония - 5, Улуу Британия - 14, АКШ - 1, Франция - 5, Катар - 4, Германия - 19, Украина - 1, Тажикстан - 2, Беларуссия - 4, Азербайжан - 4 ММКнын өкүлдөрү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын кезексиз президенттик шайлоосун чагылдыруу үчүн, 217 кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын 51 өкүлү референдумду чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү.

КРнын БШКнын маалымат бөлүмү

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх