Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аягына чейин күрөшөм". Бишкекте нааразы болгон жарандардын кезектеги жөө жүрүшү өттү (видео)

Акциянын катышуучулары референдумга жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы

Мыйзамдуулук үчүн дагы бир тынчтык маршы Бишкекте өтүүдө. Акция ар жекшемби күнү, бүгүн тогузунчу жолу өтүп жатат.

Жүрүштүн катышуучулары темир жол станциясынан "Эркиндик" бульвары менен "Ала-Тоо" аянтына чейин барышты.

Референдумга жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан демонстранттар бүгүн “Добушуңарды сатпагыла”, “Мен аягына чейин күрөшөм” деген баннерлер менен чыгышты.

 

 

Акциянын катышуучуларынын бири, актриса Сайкал Жумалиева Vesti.kg сайтына демонстрацияга эмне үчүн барганын айтып берди.

"Бүгүн мен жөө жүрүшкө Садыр Жапаровдун биз өлкөнү 30 жылдан бери тоноп келатабыз деген билдирүүсүнө жооп катары келдим" деди ал. -

Анын айтымында, биз бүгүн эски саясатчылардын колундагы куурчакпыз, бирок бүгүнкү жүрүшкө чыккандардын бардыгы өз каалоосу менен барышты. Биз бир адам бийликти басып албаган мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет.

 


Элдос Казыбеков
Манас Көлбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх