Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Call-борборго 62 чалуулар келип түшкөн

Шайлоочулар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгы боюнча арыздар, ошондой эле техникалык мүнөздөгү суроолор келип түшкөн

Бүгүн кечки саат 18.10до кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча колл-борборго 62 чакыруу келип түшкөн.

Негизинен, келип түшкөн чалуулар темасы шайлоочулардын санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабагандыгына, ошондой эле шайлоо участкаларындагы техникалык маселелерге байланыштуу.

Белгилей кетсек, 10-январда саат 08.00дөн 20.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөктөшүү максатында Республикалык штабдын колл-борбору Өкмөт үйүнүн административдик имаратында иштеди.

Күндүз каалаган шайлоочу ишеним телефондоруна чалып, электр жарыгынын жоктугу, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар маска режимин сактабагандыгы, санитардык ченемдер жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлай алат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх