Садыр Жапаров шайлоодо 80 пайыз добуш алат деп күткөн эмес
Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча алдыда келе жаткан президенттикке талапкер жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин боло турган реформалар жөнүндө айтып берди
Алдын ала добуш берүүнүн лидери Садыр Жапаров журналисттерге президенттик шайлоодо 80 пайыз добуш топтойм деп ойлобогонун айтты.
Мындан тышкары, ал Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын жана кайсы мөөнөттө коомдук соттун кароосуна коюла тургандыгын айтты.
"Кыргызстан эли келечекте президенттик башкаруу формасы болот деп чечти", - деди Жапаров. - Жакын арада конституциялык жыйын Конституциянын долбоорун Жогорку Кеңешке сунушташы керек. Ал эми парламент референдумдун күнүн белгилеши керек. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин биз реформа жасайбыз. Бийликтин жаңы структурасы - жаңы мандат жана партиялык системалар менен шайлануучу жаңы өкмөт жана жаңы Жогорку Кеңеш болот. Бул болжол менен 1-июнга чейин болот, анткени биз бардык саясий процесстерди ошол күнгө чейин бүтүрүү үчүн мыйзам кабыл алганбыз.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www