Садыр Жапаровду биринчи болуп Афганистандын президенти куттуктады
Мохаммад Ашраф Ганини социалдык тармакта жарыяланган куттуктоосу
Чет мамлекеттердин лидерлери Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктай башташты. Биринчи болуп куттуктоолорду Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мухаммед Ашраф Гани берди. Анын сөздөрү Инстаграмдагы расмий баракчасында жарыяланды.
"Афганистандын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен чын жүрөктөн куттуктоолорун жана каалоолорун билдирет. Президент Гани Кыргызстандын жаңы Президентинин жетекчилиги астында эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого үмүттөнөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз